Пакистанда террористтердин кол салуусунда 6 адам каза тапты

Дүйнө Загрузка... 30 Сентябрь 2025 18:08
photo_2025-05-07_21-02-31.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан провинциясында аскердик имаратта террористтердин кол салуусунан улам 6 адам каза таап, дагы 19 киши жабыркады. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги кабарлайт.

Маалыматка караганда, террористтер жардыргыч заттары бар унаа менен имараттын дарбазасын бузуп киришкен. Жарылуу учурунда жолдо өтүп бара жаткан унаалар да жабыркаган. Жабырлануучулардын көбү ошол унаалардын жүргүнчүлөрү экени айтылууда.

Алар Кветтадагы ооруканаларга жеткирилген.