Пакистанда суу ташкында 700дөн ашык адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 21 Август 2025 18:08
WhatsApp Image 2025-08-21 at 17.44.13 (2).jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.08.25. /Кабар/. Пакистанда суу ташкында 700дөн ашык адам каза болду. Бул тууралуу Известия гезити жазды.

Маалыматка караганда, аба ырайынын начарлашынан улам акыркы суткада эле кеминде 40 адам көз жумган. Алардын басымдуу бөлүгү Гилгит-Балтистан регионунда жана Карачи шаарында каза тапкан.

Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча улуттук борбордон белгилешкендей, алдыдагы күндөрдө да жаан жаайт. Мындай аба ырайы автомагистралдарды каптап, транспорттук байланыштарды үзгүлтүккө учуратып, бир катар аймактарда энергетика жана телекоммуникация тармактарына зыян келтириши мүмкүн экени айтылууда.