Пакистанда суу ташкынан улам каза болгондордун саны 299га жетти

Дүйнө 4 август 2025 09:10
Пакистанда суу ташкынан улам каза болгондордун саны 299га жетти

Бишкек, 04.08.25. /Кабар/. Пакистанда июнь айынан бери уланган катуу муссон жамгырларынан каза болгондордун саны 299га жетти. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Пакистандын табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук башкармалыгы (NDMA) маалыматына караганда, 26-июндан бери жааган нөшөрлүү жамгырлар жана суу ташкынынын кесепетинен 299 адам, анын ичинде 140 бала каза болуп, 715тен ашык киши жаракат алган.

Мындан тышкары, жаратылыш кырсыгынан 1 миң 676 үй жабыркап, алардын 562си толугу менен кыйраган.

2 миң 889 адам коопсуз жерге эвакуацияланган.

Учурда жабыркаган аймактарда гуманитардык жардам көрсөтүү иштери уланууда.