Пакистанда селдин кесепетинен 150дөн ашуун адам дайынсыз болууда

Дүйнө 20 август 2025 10:50
Пакистанда селдин кесепетинен  150дөн ашуун адам дайынсыз болууда

Бишкек, 19.08.2025. /Кабар/. Пакистандын түндүк-батышында селден кесепетинен кеминде 340 адам каза болуп, 150дөн ашуун адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу Евроньюс маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, эң көп жабыр тарткан район Пакистандын түндүгүндөгү Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Афганистан менен чектешкен Бунер району.

Учурда куткаруучулар тирүү калгандарды издөөнү жана урандылардын астынан сөөктөрдү чыгарууну улантышууда.

Бийликтин айтымында, келтирилген зыяндын көлөмү азырынча эсептеле элек.