Пакистанда селден 104 адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 14 Июль 2025 18:12
WhatsApp Image 2025-07-14 at 18.00.37.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек 14.07.25 /Кабар/. Пакистанда 26-июндан 12-июлга чейин нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, кеминде 104 адам каза болуп, 200дөн ашууну жарадар болгон. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды.

Агенттиктин маалыматы боюнча, акыркы 24 саатта жамгырдан улам болгон кырсыктардан алты адам каза болуп, 15 адам жаракат алган.

Каза болгондордун басымдуу бөлүгү өлкөнүн чыгышындагы Пенжаб провинциясында катталды. Бул аймакта 39 адам каза тапкан. Андан тышкары, түндүк-батыштагы Хайбер-Пахтунхвада 31 адам, түштүктөгү Синдде 17 жана Белужистанда 16 адам каза болду.

Өлкө бийлиги алдыдагы күндөрү жаан-чачындын улана турганын эскертип, айрыкча жапыз жана кооптуу аймактарда жашагандарды этият болууга чакырууда.