Пакистанда сел коркунучунан улам 25 миң киши эвакуацияланды

Дүйнө Загрузка... 09 Сентябрь 2025 08:55
e48996ab-2291-4727-b9f8-6bbf9dd77a05.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. Пакистандын чыгышындагы Пенжаб провинциясында нөшөрлөп жааган жамгыр жана сел коркунучун жараткан дарыялардын деңгээлинин көтөрүлүшүнө байланыштуу аймактан 25 миң киши эвакуацияланды. Бул тууралуу Анадолу агенттиги кабарлайт.

Анда белгиленгендей, сел коркунучунан улам эвакуация иштери уланып жатат.

Пенжабдын Кырсыктардын кесепеттерин алдын алуу боюнча башкармалыгынын (PDMA) башкы директору Ирфан Али Катхиянын айтымында, Жалалпур-Пирвала шаарында кечээтен бери кооптуу аймактардан 25 миң адамды эвакуациялоо иштери аяктады.

Катхия ошондой эле провинциянын 25 районундагы 4,1 миллиондон ашык адам жана 4 миңден ашык айыл суу ташкынынан жапа чеккенин, 26-августтан бери табигый кырсыктан кеминде 56 адам каза болгонун белгиледи.

Пакистандын тарыхында биринчи жолу Ченаб, Рави жана Сатлеж дарыялары ташып, миңдеген кыштактарды каптап, миллиондогон адамдар жапа чекти.

4-сентябрда Пенжаб провинциясынын расмий өкүлү Набил Жавад маалымдагандай, суу ташкынына жана дарыялардын деңгээлинин кескин көтөрүлүшүнө себеп болгон катуу муссон жамгырларынын кесепетинен өткөн айдан бери 1,8 миллион адам жер которгонго аргасыз болду.

Пакистандын Табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук башкармалыгы муссон мезгили башталгандан бери каза болгондордун саны 910го жеткенин билдирген эле.

Маалыматка караганда, азыркы сел 2022-жылы 1700дөн ашык адамдын өмүрүн алган, өлкөнүн үчтөн бир бөлүгүн суу астында калтырган жана 32 млрд долларлык чыгымга учураткан кырсыктан берки эң чоң апаат болуп калды.