Пакистанда муссон жамгырларынын кесепетинен 279 адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 29 Июль 2025 09:20
WhatsApp Image 2025-07-29 at 05.15.07.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 29.07.25 /Кабар/. Пакистанда бир айдын ичинде катуу жааган муссон жамгырларынан улам 279 адам каза болуп, 676сы жаракат алды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, нөшөрлүү жаан-чачындан улам сел, жер көчкү жана башка табигый кырсыктар орун алып, эң көп жоготуулар Пенджаб провинциясында катталды. Аталган аймакта 151 адам каза болуп, 536сы жаракат алган. Хайбер-Пахтунхва, Синд, Белуджистан жана Гилгит-Балтистан аймактарында да адам өмүрлөрү кыйылган.

Жалпы 1,5 миңден ашык үй бузулуп, миңдеген адамдар эвакуацияланды. Айыл чарба жана мал чарбачылыгы да олуттуу зыянга учурады.

Муссон мезгили Пакистанда июнь айынан сентябрга чейин созулуп, дыйканчылыкка керектүү нымдуулукту бергени менен ар жылы кесепетин да тийгизип келет.