Пакистанда 100дөн ашуун туткун абактан качып кетти

Дүйнө Загрузка... 03 Июнь 2025 18:00
WhatsApp Image 2025-06-03 at 16.23.27.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.06.25 /Кабар/. Пакистандын түштүгүндөгү Карачи шаарында жер титирөөдөн улам камераларынан убактылуу чыгарылган 100дөн ашуун туткун абактан качып кетти. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.

Полициянын улук офицери Кашиф Аббасинин айтымында, алар камераларынын сыртында жүргөндө бир топ туткундар күтүүсүздөн күзөтчүлөргө кол салып, курал-жарактарды тартып алышып, ок чыгарып, андан соң качып кетишкен.

Аббаси атышууда бир туткун каза таап, үч коопсуздук кызматкери жарадар болгонун, бирок кырдаал көзөмөлгө алынганын кошумчалаган.

Сейсмикалык мониторинг боюнча улуттук борбордун маалыматына ылайык, акыркы суткада Карачиде күчү 2,6дан 3,4кө чейин болгон бир нече жер титирөө катталган.