Пайдалуу кеңеш. Кар көчкүгө кабылганда эске алчу жагдайлар

Коом Жүктөлүүдө... 30 Январь 2025 14:36
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө кабылганда эске ала турган жагдайларды эскертти.

Ага ылайык,

- Алыска чыгарда аба ырайын эске алыңыз;

- Тоолуу жолдун абалын же көчкү жүрчү тилкелер менен таанышыңыз;

- Унаада күрөк, ысык суу, дары-дармек болушу зарыл;

- Кышкы дөңгөлөк алмаштырып, унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактаңыз;

- Кар көчкүдө калсаңыз дүрбөлөңгө түшпөңүз;

- Дүрбөлөң салуу, кыйкыруу сизди алсыратат;

- Кар көчкү токтогон соң, бет жана көкүрөк тушуңузду ачып, дем алууга шарт түзүңүз;

- Уктап калбаңыз, сизди издеп жаткандарга белги берүү аракетин жасаңыз;

- Эгер сиз кар көчкү жүргөн тилкеден сырткары болсоңуз, "112" бирдиктүү кызматына токтоосуз билдириңиз.