"Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы быйылкы жылы беш көмүр кенин ачуу алдында турат. Былтыркы жылды 1,6 млн тоннадан ашык өндүрүш, 333 млн сом пайда менен жыйынтыктаган мекеме алдыда дагы алгылыктуу иштерди жасоонун аракетинде. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине аталган ишкананын башкы директору Кайрат Маматов айтып берет.
- “Кыргыз көмүр” ишканасындагы өткөн жылдын жана быйылкы жылдын жалпы көрсөткүчтөрү, жетишкендиктери жөнүндө айтып берсеңиз?
- 2024-жылга коюлган көмүр казуу планы 1 млн 75 миң тонна, ал эми кыртыштарды казуу иштери 7,7 млн тонна эле. Фактылык көрсөткүчтөр менен алганда биз бир жылда 1 млн 686 миң тонна көмүр каздык. Ал эми кыртыштарды казуу иштери - 11 млн 100 миң тоннаны түздү. Өлкөнүн түндүгүндөгү эң чоң кен болуп эсептелинген “Кара кече” кенинен 1 млн 491 миң тонна көмүр казылды. Ал эми учурдагы 2025-жылдын планы - 1 млн 175 миң тонна деп белгиленген. Финансылык көрсөткүчтөр жөнүндө айта турган болсок, мурдагы жылдары чыгыша менен чыгып жаткан болсок, өткөн жылы 333 млн сомдук пайда менен чыктык. Бул жылга коюлган пландар да убагы менен аткарылып, азыр күз-кыш мезгилине даярдыктар жүрүп жатат.

- Быйылкы жылы жасалып жаткан иштер жана алдыдагы пландар кандай?
- Быйылкы жылы “Кыргыз көмүр” ишканасы жаңы кендер менен толукталганы турат. Өлкө боюнча ишке бериле турган жалпы 28 объектинин ичинен биз 5 кенди ачканы турабыз. Алар Жалал-Абад облусунда “Тегене” (57 млн тонна) менен “Маркай” (8,2 млн тонна), Ош облусунда “Бешбурхан” (45,1 млн тонна) менен “Кожо-Келең” (55 миң тонна) жана Баткендеги “Сүлүктү 11-талаа” (82,7 млн тонна) көмүр казуучу жайлары.
Андан сырткары оптимизация, автоматташтыруу, санариптештирүү, жаңы технологияларды киргизүү иштери жасалууда.
Алдыда боло турган дагы бир өзгөрүү - мамлекеттик ишканадан ачык акционердик коомго айланганы жатабыз. Себеби бул инвесторлор менен келишимдерди түзүп, жаңы ишканаларды ачканга жакшы жол болуп берет экен.
Негизги пландардын арасында “Кара кече” кенине көмүрдү ылгоочу комплексти орнотуу бар. Майда көмүр ышты көбүрөөк чыгаргандыктан, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде атайын улуттук долбоор каралып жатат. Андагы башкы талап – Чүй өрөөнү менен Бишкек шаарына майда көмүр киргизбөө жана жеке менчик кендерге дагы ылгоочу комплекстерди орнотуу.

- Ишканада канча кызматкер эмгектенет жана алардын айлык маянасы кандай? Жумушчу шарттарын жакшыртуу үчүн кандай иштер аткарылып жатат?
- Бүгүнкү күндө ишканада жалпы 858 кызматкер иштейт. “Кара кече” кенинде эки вахта менен 550 адам эмгектенет. Балыкчыда Бишкек ЖЭБине көмүрдү темир жол менен алып келген атайын пункту бар. Андан сырткары өлкөнүн түштүк аймагында дагы филиалыбыз бар. Башка мекемелерге салыштырмалуу айлыгыбыз ортодон жогору десем болот. Кызматкерлерге ушул жылы премия, бонустарды бергенге аракет кылабыз. “Кара кече кенине” лизингге 10 жаңы самосвал, 3 экскаватор, 2 бульдозер алуу планы бар. Былтыр кышында суу сепкич, кызматкерлерди тоого ташууга унааларды алганбыз. Автопаркыбызды жаңылоо максатында, филиалдардын кызматкерлерине ата мекендик Chevrolet унааларын бердик. Өз күчүбүз менен техникаларды жаңыртуу планыбыз бар.
- “Кыргыз көмүр” ишканасында экологиялык стандарттарга жоопкерчилик кандай?
- Алгач ар бир долбоорду Кыргыз геология жана Экология жана техникалык көзөмөл кызматтары менен менен макулдашабыз. Алар бизге корутундуларды алып беришет. Аталган кызматтар менен техникалык коопсуздукту сактоо боюнча дагы иштерди алып барабыз. Арасында эски кендер, бургулоо керек болгон кээ бир жаңы шахталар бар. Алардын баары биздин көзөмөлдө.