Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Өзгөн районунун прокуратурасы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин биринде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Текшерүү учурунда бала бакчанын жетекчилиги К.Б. аттуу жарандын кабары жок эле анын паспортун пайдаланып, жумушка орношкон деп жасалма каттоодон өткөргөн. Алар жарандын атына ай сайын эмгек акы жазып, бирок ал каражатты өздөрү алып келишкен.
Бул "көмүскө схеманын" айынан К.Б. аттуу жаран расмий түрдө кирешеси бар адам катары базага түшүп калган. Мындан улам анын төрт жаш баласына берилүүчү "Үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөк пулун төлөө негизсиз токтотулган. Натыйжада, муктаж үй-бүлө мамлекеттик колдоодон ажыраган.
Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу" беренеси менен кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө иштери уланууда.