Өзбекстандын маданият министри Чолпон-Атада кыргызча ырдады

Маданият 1325 28 Июль 2026 21:10
IMG_1430.jpeg
IMG_1432.jpeg
IMG_1428.jpeg
IMG_1420.jpeg
IMG_1419.jpeg
IMG_1415.jpeg
IMG_1414.jpeg
IMG_1403.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_1430.jpeg
IMG_1432.jpeg
IMG_1428.jpeg
IMG_1420.jpeg
IMG_1419.jpeg
IMG_1415.jpeg
IMG_1414.jpeg
IMG_1403.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Чолпон-Ата, 28.07.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Өзбекстандын маданият күндөрүнүн алкагында Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков өзүнүн “Калдыргоч” чыгармасын кыргыз тилинде аткарып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулады.

Сахнага чыккан министр Кыргызстандын эл артисти деген ардактуу наамдын ээси экенин эске салып, кыргыз элинин алдында кыргыз тилинде чыгарма аткарууну өзүнө милдет катары эсептей турганын белгиледи.

“Мен Кыргызстандын эл артистимин. Ошондуктан кыргыз эли үчүн кыргызча ырдоого милдеттүүмүн. Келечекте өз чыгармаларымды кыргызча ырдоого убада берем”, – деген Озодбек Назарбеков көрүүчүлөрдүн жылуу кол чабуусуна ээ болду.

Министр башка дагы бир катар чыгармаларды аткарып, күйөрмандар үчүн чыныгы майрам тартуулады.

Белгилей кетсек, бүгүн Чолпон-Атадагы “Дордой Номад” этнокомплексинде Өзбекстандын маданият күндөрүнүн жабылыш аземи чоң концерт менен коштолууда. Иш-чара эки өлкөнүн маданий кызматташтыгын чыңдоого, элдердин достугун жана руханий байланышын бекемдөөгө багытталган. Өзбекстандык өнөрпоздор концерттик программаларын тартуулап, көрүүчүлөргө унутулгус майрамдык маанай тартуулашууда.