Осмонов: Экологиялык күн тартибинин борборунда адам ден соолугу турушу керек

Ден соолук 2085 23 Апрель 2026 10:35
676693092_979350604492308_1285158957557003423_n.jpg
1.jpg
676687011_979350847825617_2749389808628461313_n.jpg
677733761_979350731158962_572244953666280370_n.jpg
677912854_979350667825635_7103873550589080844_n.jpg
678362247_979350774492291_6539208643739194816_n.jpg
678389171_979350824492286_8392117472841947773_n.jpg
679355354_979350664492302_4536381307108914093_n.jpg
679973943_979350791158956_1631262274925739985_n.jpg
Алдыга
Артка
676693092_979350604492308_1285158957557003423_n.jpg
1.jpg
676687011_979350847825617_2749389808628461313_n.jpg
677733761_979350731158962_572244953666280370_n.jpg
677912854_979350667825635_7103873550589080844_n.jpg
678362247_979350774492291_6539208643739194816_n.jpg
678389171_979350824492286_8392117472841947773_n.jpg
679355354_979350664492302_4536381307108914093_n.jpg
679973943_979350791158956_1631262274925739985_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Астана шаарында өткөн Регионалдык экологиялык саммиттин ишине катышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Анын алкагында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Борбор Азия, Азербайжан, Грузиянын тармактык министрлеринин катышуусунда балдардын ден соолугун коргоого багытталган жогорку деңгээлдеги конференция өттү.

Министр Дамир Осмонов панелдик сессияда сөз сүйлөп, Кыргызстандын экология жана калктын ден соолугу боюнча позициясын тааныштырды. Ал климаттын өзгөрүшү жана мөңгүлөрдүн эриши тоолуу аймактардагы медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнө түздөн-түз таасир этерин белгиледи.

"Биз үчүн тоолуу шарттарда калкка туруктуу медициналык жардам көрсөтүү тутумун түзүү - артыкчылыктуу багыт. Бул үчүн санариптик чечимдерди, мобилдик медициналык кызматтарды жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам жооп кайтаруу механизмдерин жигердүү өнүктүрүп жатабыз", - деди министр.

Ошондой эле ал тоолуу аймактардагы экологиялык көйгөйлөр Арал жана Каспий бассейндеринин абалына окшош экенин, анткени тоолордогу өзгөрүүлөр бүтүндөй региондун суу ресурстарына таасир берерин кошумчалады.

Министр Кыргызстан келечек муундардын кызыкчылыгы үчүн ДССУ жана регионалдык өнөктөштөр менен экологиялык күн тартибинде ден соолук маселелерин илгерилетүү боюнча кызматташууга даяр экенин ырастады.

Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар "Астана чакырыгы" аттуу биргелешкен документти кабыл алышты. Бул документ төмөнкү багыттарды чыңдоону көздөйт:

  • балдардын жана өспүрүмдөрдүн саламаттыгын коргоо системасын жакшыртуу;
  • баштапкы медициналык-санитардык жардамды жана эмдөөнү өнүктүрүү;
  • психикалык ден соолукту коргоо жана оорулардын алдын алуу.