Бишкектеги Осмонкул көчөсүндөгү жарыктандыруу толук жаңыланды

Коом 17 сентябрь 2026 17:20
WhatsApp Image 2026-09-17 at 17.18.11.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 17.18.10 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 17.18.10 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 17.18.10 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 17.18.10.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Бишкектеги Осмонкул көчөсүндөгү жарыктандыруу толугу менен жаңыланды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Осмонкул көчөсүнүн Чүй проспектисинен Жибек жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө тышкы жарыктандыруу тармактарын реконструкциялоо иштери аяктады.

Жүргүзүлгөн иштердин алкагында жарыктандыруу мамылары жаңыланып, 35 даана темир мамы, кубаттуулугу 150 Вт болгон 40 даана энергияны үнөмдөөчү жарык берүүчү чырак орнотулду. Ошондой эле 1 400 метр өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым (СИП) тартылды.

Жаңы мамылар датка туруктуулугу менен айырмаланып, узак мөөнөттүү пайдаланууга ылайыкташтырылган.