Осмоналы Сыдык уулуна 150 жыл. Бишкекте эл аралык конференция өтүүдө

Маданият 26 Сентябрь 2025 15:08
554112858_1234739852033090_3571686250208620380_n.jpg
552915608_1234739798699762_1668487461608680375_n.jpg
554471976_1234739615366447_442928402785863142_n.jpg
554967761_1234739662033109_1042135339329517283_n.jpg
554989783_1234739605366448_5350107285081764981_n.jpg
555041903_1234739645366444_8495040096700604158_n.jpg
555155041_1234739528699789_5239713827487647174_n.jpg
555929773_1234739898699752_5344289365731738492_n.jpg
556101667_1234739738699768_3298664453891383526_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 26.09.25./Кабар/. 26-27-сентябрда Бишкекте "Түрк дүйнөсүнүн агартуучулук кыймылынын алкагында Осмонаалы Сыдык уулунун мурасы" аттуу эл аралык конференция өтүүдө.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, конференция алгачкы кыргыз тарыхчыларынын бири Осмонаалы Сыдык уулунун 150 жылдыгына арналган.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Эл аралык Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаев, Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин мүчөсү Апас Жумагулов, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Жейлан, ошондой эле “Манас” улуттук академиясынын өкүлдөрү жана АКШ, Россия, Азербайжан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандын илимпоздору жана коомдук ишмерлери катышууда.

"Эгерде биз түпкү тарыхыбызды, кыргыз элинин улуттук тарыхын түптөгөн инсандарды билбесек, келечектеги тарыхыбызды да кура албайбыз. Осмонаалы Сыдык уулунун майтарылбас эрки жана башынан өткөн оор күндөрү жаш муундар үчүн үлгү болот. Бизди кубандырганы – анын түрк дүйнөсүндөгү атактуу инсандардын катарына кирип, илимий изилдөөлөрдө артыкчылыктуу багытка айлангандыгы", – деди агартуу министри өз сөзүндө.

Ошондой эле ал Кыргызстанды өнүктүрүүгө багытталган жаңы муундагы улуттук тарыхый баалуулуктарды калыптандыруу үчүн улуттук эгемендүүлүккө негиз болгон тарых китебин жазуу аракети башталарын жана кыргыз окумуштууларынын, тарыхчыларынын пикирлерин угууга ачык экенин билдирди.

Белгилей кетсек, эл аралык конференцияны Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, Эл аралык Түрк академиясы жана “Манас” улуттук академиясы биргеликте уюштурган.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар 27-сентябрда “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине жана “Бурана” тарыхый-архитектуралык музейине зыярат кылышат.