Оштун Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдары таза суу менен камсыз болду

Аймак Жүктөлүүдө... 05 Август 2026 16:55
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдарында таза суу системасы ишке киргизилди.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, муну менен 900 кожолук ичүүчү суу менен камсыз болду.

"Буга чейин аталган аймактарда борборлоштурулган таза суу тармагы болгон эмес. Учурда дагы 100 үйдү суу түйүнүнө кошуу иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин шаар мэри Жанарбек Акаев Төлөйкөн айылынын тургундары менен жолугуп, элди таза суу менен камсыздоо боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берген.