Бишкек, 24.07.26. /Кабар/. Ош шаарынын Төлөйкөн айылында борборлоштурулган саркынды суу түтүкчөлөрүн орнотуу иштери башталды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар мэри Жанарбек Акаев жеринде жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Учурда жеке компания тарабынан жалпы узундугу 2,5 чакырымды түзгөн канализация түтүктөрү тартылууда.
Долбоор аяктагандан кийин Төлөйкөн айылындагы 300гө жакын кожолук борборлоштурулган саркынды суу тутумуна кошулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Аталган долбоор жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууларда көтөрүлгөн маанилүү маселелердин бирин чечүүгө багытталган. Аны ишке ашырууга ишкерлер колдоо көрсөтүүдө.