Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Озгур айылындагы рейддик кыдыруусун улантып, аймактагы жолдордун жана сел каналдарынын абалын көрүп чыкты.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Мэр бул айылда курулушу токтоп калган мектеп жана бала бакчаны куруу иштери кайрадан жандана тургандыгын белгилеп, айылдын жолдорун иретке келтирүүгө жергиликтүү тургундарды көмөктөшүүгө чакырды.
Шаар башчысы ошондой эле тиешелүү кызматтарга сел жүргөн аймактарда алдын алуу иштерди жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди.