Оштун Ишкаван айылында 700 орундуу мектеп курулууда

Аймак 30 Июль 2026 12:00
758409636_1550751266523917_8403794537081083067_n.jpg
757754939_1550751276523916_4095130974011416075_n.jpg
759871750_1550751396523904_2853502064059107208_n.jpg
759751883_1550751319857245_813552552079040648_n.jpg
Алдыга
Артка
758409636_1550751266523917_8403794537081083067_n.jpg
757754939_1550751276523916_4095130974011416075_n.jpg
759871750_1550751396523904_2853502064059107208_n.jpg
759751883_1550751319857245_813552552079040648_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 30.07.26 /Кабар/. Ош шаарынын Ишкаван айылында 700 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп курулууда.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, иштер үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган.

Учурда курулуш-монтаждоо иштери комплекстүү жүргүзүлүүдө. Имараттын негизги каркасы тургузулуп, ички шыбак иштери аткарылып, чатырын жабууга даярдык көрүлүүдө.

Долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 5 613 чарчы метрди түзүп, үч кабаттан турат. Мектеп заманбап талаптарга ылайык курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да бардык шарттар каралат.

Анда 700 окуучуга ылайыкталган окуу класстары, лабораториялар, санитардык талаптарга жооп берген ашкана, китепкана, 300 көрүүчүгө ылайыкталган амфитеатр тибиндеги актовый зал, лифт жана 120 көрүүчүгө ылайыкталган бардык шарты бар спорт залы жайгашат.

Учурда объекттин курулушунун жалпы даярдыгы 45 пайызды түзөт.

Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин 1,5 миңге жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт.