Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Ош шаарында таштандыларды кайра иштетип, электр энергиясын өндүрө турган ири заводдун курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирет.
Маалыматка ылайык, заводду кытайлык компания курууда. Долбоор толук ишке киргенде суткасына 800 тоннадан ашык, жылына 310 миң тоннага чейин таштанды кайра иштетилип, андан электр энергиясы өндүрүлөт.
Учурда заводдун бардык блокторунда курулуш иштери жүрүп, объектте 200гө жакын куруучу эмгектенүүдө.
Долбоор Ош шаарындагы таштанды маселесин чечүүгө жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирди азайтууга багытталган.