Оштогу "Сити парк" турак жай комплексинде өрт коопсуздугу текшерилди

Коом 07 Февраль 2025 15:10
475390670_1020626150110111_7833514323355459514_n.jpg
476187691_1020626373443422_3358612138526510954_n.jpg
476206995_1020626230110103_7296577290885700718_n.jpg
476251274_1020626410110085_1993034292583348074_n.jpg
476834944_1020626366776756_2942867714932380107_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Ош шаарындагы13 кабаттуу “Сити Парк” турак жай комплексинде өрт коопсуздугу текшерилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, аталган турак жай комплексинин жашоочулары тарабынан өрт коопсуздук талаптарынын сакталышы боюнча арыз келип түшкөн.

Кайрылуунун негизинде ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүү Экономика жана коммерция министрлигинин Ош аймактык бөлүмү менен макулдашылып, “Сити Парк” турак жай комплексин курган “РЕФРЕШ БИЛД” курулуш компаниясына карата өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында өрт коопсуздук боюнча 7 пункттан турган текшерүү актысы түзүлүп, курулуш компаниясына тиешелүү эскертмелер берилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында өрт коопсуздук чараларын көзөмөлдөө иштерин улантат жана бардык объектилердин ээлерин тиешелүү эрежелерди так сактоого чакырат.