Оштогу Навои эс алуу багынын аймагы иретке келтирилет

Аймак Загрузка... 20 Март 2025 12:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаардык мэриясы

Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Ош шаарындагы А.Навои эс алуу багынын аймагы иретке келтирилет. Бул тууралуу калаа башчысы Жеңишбек Токторбаевдин эрте мененки рейддик кыдыруу учурунда белгилүү болду.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, калаа башчысы аталган аймакты тазалоо менен бирге, бактын аймагын жакшыртуу жана жашылдандыруу боюнча ар тараптуу иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

Атап айтканда, мэр О.Акимбаев көчөсүндөгү «Ферас» бассейнинен А.Навои багына чейинки аралыкта жүрүп жаткан жаңы эс алуу зонасынын курулуш иштери менен таанышып, жеке менчикке өтүп кеткен жер тилкелерди, соода түйүндөрдү мамлекеттин менчигине кайтаруу, Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги жыш өсүп, жөө жүргүнчүлөргө коркунуч туудурган бак-дарактарды, кароосуз калган өсүмдүктөрдү алып салуу, тазалоо жана башка ушул сыяктуу иштерди күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

Андан тышкары, тиешелүү кызматтарга бак аймагындагы ижарачылардын Ак-Буура дарыясынан өтүүчү көпүрөнү курууга уруксат берүү боюнча кайрылуусун карап чыгуу тапшырмасын койду.