Руандалык чыгармачыл топ “Кара Жорго” бийледи

Маданият 9 сентябрь 2026 10:37
Руандалык чыгармачыл топ “Кара Жорго” бийледи
copyright icon Www

Бишкек, 09.09.26 /Кабар/. Руанданын “MORIOX Kids” балдар чыгармачыл тобу Ош шаарында өткөн концертте кыргыз ырларын ырдап, улуттук “Кара Жорго” бийин аткарышты.

Ош мэриясынан билдиришкендей, африкалык жаш өнөрпоздордун талантын көрүү үчүн 20 миңге жакын шаар тургуну жана мейман чогулду.

Эл аралык деңгээлдеги концерт Ош шаарынын борбордук аянтында өттү. Анда “MORIOX Kids” тобунан тышкары белгилүү кыргыз ырчысы Гүлназ Чыныбек кызы да өнөрүн тартуулады.

Руандалык жаш өнөрпоздор бий жана ыр аткаруудагы чеберчилигин көрсөтүп, көрүүчүлөрдүн жылуу колдоосуна ээ болушту. Айрыкча алардын кыргыз ырларын аткарып, “Кара Жорго” бийин бийлегени көпчүлүктүн кызыгуусун жаратты.

Көрүүчүлөр жаш өнөрпоздорду кол чабуулар менен коштоп жатышты.