Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. Ош шаарынын 3026 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо шаардын күнүнө арналган майрамдык иш-чара масштабдуу гала-концерт менен жыйынтыкталды.
Майрамдык салтанатта Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов куттуктоо сөз сүйлөп, тургундарды жана конокторду шаар күнү менен куттукташты. Өз кайрылуусунда алар байыркы Оштун акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык жетишкендиктерин, инфраструктуралык жаңыланууларын жана шаарды өнүктүрүү багытындагы ири долбоорлорду баса белгилешти.
Салтанаттуу сахналаштырылган программа Ош шаардык маданият жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы тарабынан даярдалып, масштабдуу театралдаштырылган көрүнүштөр жана майрамдык жаркыраган фейерверк менен коштолду.
Гала-концертте Кыргыз Республикасынын эл жана эмгек сиңирген артисттери, маданияттын мыкты кызматкерлери, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын популярдуу эстрада жылдыздары JAX 02.14, Амирчик, Жийдеш Идрисова, Хамдам Собиров ж.б. өнөр көрсөтүп, стадионго чогулган 30 миңден ашуун көрүүчүгө унутулгус майрамдык маанай тартуулашты.