Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктоодо. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эки деңгээлдүү эстакадалык көпүрө Б. Осмонов, Г. Айтиев жана Көкүм-Бий көчөлөрүнүн кесилишинде курулууда. Эстакаданын узундугу 84 метр, ага байланышкан жол 334 метрди түзөт.
Министр Нурдан Орунтаевдин айтымында, эстакаданы Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүүнү пландалууда.
Долбоор “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда. Анын сметалык наркы 500 млн сомго жакын каражатты түзөт.