Бишкек, 06.09.26. /Кабар/. 7-сентябрдан 31-декабрга чейин Кызыл-Жар аймагындагы көпүрөдө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу көпүрө аркылуу унаалардын өтүүсү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Жар, Ала-Бука, Аксы, Чаткал жана башка багыттарга бара жаткан айдоочулар Таш-Көмүр шаары аркылуу өтүүчү айланма жолду пайдалануусу зарыл.
“Айдоочулардан сапарын алдын ала пландап, жол белгилеринин талаптарын сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруусун өтүнөбүз. Жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө аркылуу коопсуз өтүүгө шарт түзүлөт”, - деп белгилешти ЖКККББдан.