Бишкек, 21.07.26 /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Баялинов көчөсүн асфальттоо иштеринин алдында көчмө жыйын өткөрүп, долбоор менен жеринен таанышты.
Муниципалитеттен билдиришкендей, көчмө жыйындын жүрүшүндө көчөнүн учурдагы абалы, жолду капиталдык оңдоо, жаңы асфальт төшөө, ошондой эле ирригациялык тутумду жаңылоо боюнча аткарыла турган иштер талкууланды.
Мэр курулуш иштеринин сапатына жана мөөнөтүнүн так сакталышына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине жана жооптуу кызматкерлерге бардык жумуштарды белгиленген талаптарга ылайык, сапаттуу жана өз убагында бүтүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Белгиленгендей, калаа башчысы тийиштүү жетекчилерге 10 күндүк мөөнөт коюп, асфальттоо иштери аталган жолдун Алымбек датка көчөсүнөн Молдо-Нияз көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүргүзүлөрүн кошумчалады.