Ошто жер казууга мыйзамсыз уруксат берилген: Кылмыш иши козголду

Аймак 22 Июль 2026 15:50
6.jpg
750741365_1560233682413897_6524805475766984908_n.jpg
752254339_1580953430366184_5991995427745345554_n.jpg
753287972_1714833702964872_310523358232363420_n.jpg
Алдыга
Артка
6.jpg
750741365_1560233682413897_6524805475766984908_n.jpg
752254339_1580953430366184_5991995427745345554_n.jpg
753287972_1714833702964872_310523358232363420_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Ош шаардык прокуратурасы жер казынасын пайдалануу боюнча мыйзамдардын аткарылышын текшерип, бир катар мыйзам бузууларды аныктады.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Ош шаарынын мэриясы тиешелүү ыйгарым укугу жок болсо да, кум-шагыл жана чопо казууга укук берүүчү 33 күбөлүктү мыйзамсыз берген.

Ошондой эле Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын кызмат адамдары жайыт жерлерин жасалма токтомдор менен жеке жактарга өткөрүп берип, мамлекетке 78,6 млн сом зыян келтиргени аныкталган.

Аталган фактылар боюнча "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен үч кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Мындан тышкары, мыйзамсыз берилген жер тилкелерин жана күбөлүктөрдү жокко чыгаруу боюнча тиешелүү сунуштамалар киргизилди.