Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Ош шаарында Жекелик каналынын корук зонасын тазалоо жана аймакты иретке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Шаар мэриясынын маалыматына ылайык, буга чейин каналдын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштардан улам суунун эркин агышына тоскоолдуктар жаралып келген.
Учурда аймакты тазалоо иштерине 4 атайын техника тартылып, каналдын жээгин иретке келтирүү, тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштер аткарылууда.