Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Ош шаарында жаңы бетон заводун ишке киргизүүгө акыркы даярдык иштери жүрүүдө.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, учурда "Кең Строй Сервис" ЖЧКсынын бетон заводунун курулуш-монтаждоо иштери 95 пайызга аткарылды.
Мэр Жанарбек Акаев заводдун курулушу менен жеринен таанышып, заманбап жабдуулардын орнотулушун жана ишке даярдык деңгээлин текшерди.
Завод толук кубаттуулукта ишке киргенде 100дөн 120га чейин жаңы жумуш орду түзүлүп, шаар тургундары туруктуу жумуш менен камсыздалат.
Шаар мэри ата мекендик өндүрүштү колдоо жана курулуш тармагын сапаттуу материалдар менен камсыздоо маанилүү багыт экенин белгиледи.
Тиешелүү жетекчилерге заводду пайдаланууга берүү иштерин белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүү тапшырмасы берилди.