Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Ош шаарында туризм тармагын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мэр Жанарбек Акаев министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов менен жолугушту.
Жолугушууда шаардын туристтик дараметин жогорулатуу, мейманкана жана тейлөө тармагын өнүктүрүү, туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана алардын санын көбөйтүү маселелери каралды.

Ошондой эле шаардын тарыхый-маданий мурастарын, туристтик жайларын жана инфраструктурасын натыйжалуу пайдалануу аркылуу туризмди экономикалык өсүштүн маанилүү багытына айландыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Тараптар туризм тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да активдүү улантууга макулдашты.