Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасына жаңы атайын техникалар жана жабдуулар тапшырылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Атайын техникалар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Европа биримдигинин колдоосу менен гранттык негизде алынган.
Алардын катарында экскаватор-жүктөгүч, үч таштанды ташуучу унаа, алты контейнер, таштанды ныктай турган техника жана башка жабдуулар бар.
Белгилей кетсек, Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу долбоору 2016-жылдан бери ишке ашырылып келет. Анын алкагында ишкананын өндүрүштүк базасы жаңыланып, шаар боюнча 300 контейнердик аянтча уюштурулган. Учурда жаңы санитардык полигон куруу жана эски таштанды жайын рекультивациялоо иштери уланууда.