Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Ош шаардык мэриясында жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алуу өтүп, тургундардын кайрылуулары каралды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, мэрдин орун басары Шумкарбек Пайзиев өткөргөн кабыл алууга мэриянын тиешелүү бөлүмдөрүнүн, муниципалдык мекемелердин жана аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.
Жарандардын кайрылуулары негизинен жер жана турак жай, мыйзамсыз курулуштар, ошондой эле социалдык маселелерге байланыштуу болду.
Кабыл алуунун жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилип, айрым маселелер жеринде чечилип, калган кайрылуулар көзөмөлгө алынды.