Бишкек, 26.03.25. /Кабар/. Ошто мыйзамсыз диплом берүү фактылары боюнча кылмыш ишин козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Прокуратуранын маалыматына караганда, Ош облусунун Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан билим берүү жаатындагы мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Анын алкагында райондун аймагында жайгашкан №109 кесиптик лицейинде иш жүзүндө окубаган, Кыргызстандын аймагында болбогон 10 студентке экзамендик баалар коюлуп, окууну аяктагандыгы тууралуу тийиштүү адистиктер боюнча мыйзамсыз дипломдорду берүү фактылары аныкталган.
Аталган фактылар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.