Ошто Масалиев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылды

Аймак 27 Июль 2026 10:30
WhatsApp Image 2026-07-27 at 10.08.55.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-27 at 10.09.14.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-07-27 at 10.08.55.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-27 at 10.09.14.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Ош шаарындагы А. Масалиев көчөсүнүн Ж. Шамшиев көчөсүнөн Нурматов көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн бир тарабы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жол оңдоо иштери аяктаганга чейин аталган тилкеде убактылуу кыймыл чектелет.

Буга байланыштуу шаар тургундарынан жана айдоочулардан жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылып, коопсуздук эрежелерин сактоо жана мүмкүн болушунча альтернативдүү каттамдарды пайдалануу сунушталды.