Ошто "Кызмат" мекемесинин эки кызматкери кармалды

Укук тартиби 3406 23 Апрель 2026 18:00
WhatsApp Image 2026-04-23 at 15.02.23 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-23 at 15.02.23.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-04-23 at 15.02.23 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-23 at 15.02.23.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon УКМК

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Ош шаарындагы “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтар үчүн системалуу түрдө мыйзамсыз акча талап кылып келишкен.

Такталгандай, К.У.Б. жана М.А.Э. аттуу кызматкерлер чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө жүрүүсүн мыйзамсыз легалдаштырган.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө уланууда.