Ошто курулуш талаптарын бузган бетон цехинин иши токтотулду

Аймак 131 12 Август 2026 13:30
769386031_1561991135399930_5026810796314886037_n.jpg
768592548_1561991155399928_6156290398974992530_n.jpg
770802025_1561991148733262_4076834355540528101_n.jpg
771400971_18115063457476120_7928464664784685643_n.jpg
771726489_1561991175399926_5623192714370342154_n.jpg
771844065_1561991128733264_4530494396400917238_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Ош шаарында курулуш талаптарын бузган бетон цехинин иши токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аймактагы курулуш объектилерин көзөмөлдөнүн алкагында Ош шаарынын И. Раззаков көчөсү 21 дарегинде жайгашкан бетон арыктарын өндүрүүчү цехтин курулушун жүргүзүүдө тиешелүү шайкештик сертификаттары жок материалдар колдонулганы аныкталды.

"Аныкталган мыйзам бузуунун негизинде курулуш иштерин жүргүзгөн жеке ишкер Э. У. Т. карата тиешелүү акт түзүлүп, мыйзамда белгиленген тартипте административдик чаралар көрүлдү. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин аталган объекттин ишмердүүлүгү токтотулду", - деп айтылат маалыматта.