Ошто курулуш компаниясына айып салынып, иши токтотулду

Укук тартиби Загрузка... 02 Апрель 2026 18:00
WhatsApp Image 2026-04-02 at 14.47.27.jpeg
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Ош шаарында курулуш иштерин мыйзамсыз жүргүзгөн компаниянын иши токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Көкүм бий көчөсү, 102г дарегинде 9 кабаттуу турак үй мыйзамсыз курулуп жаткан. Ошондой эле курулуш компаниясы курулуш эрежелерин өз убагында аткарган эмес.

Буга байланыштуу “АрхиСтрой” ЖЧКсына карата административдик чаралар көрүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, курулуш иштери мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин убактылуу токтотулду.