Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн таң эрте менен Курманжан-Датка көчөсүнүн абалын текшерди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ал Навои көчөсүнөн баштап Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгына чейинки аймакты кыдырып, буга чейин бул жерде жүргүзүлгөн иштердин натыйжасы менен таанышты.
Шаар башчысы Курманжан-Датка көчөсүн жакшыртуу жана жашылдандыруу иштерин күчөтүү, ошондой эле көчөнүн жалпы көрүнүшүн жаңылоо керектигин билдирди.
Мындан тышкары, мэр "Достук" чек ара бекетине кеткен жолдун айланмасына белгилүү тарыхый ишмердин эстелигин орнотууну сунуштады.