Ошто кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы имараты курула баштады

Аймак 1402 23 Май 2025 14:31
1.jpg
499559674_721968590230512_3143301259614132122_n.jpg
499595081_721969710230400_7618841416066802604_n.jpg
499704697_721969730230398_6033716613185923753_n (1).jpg
499704697_721969730230398_6033716613185923753_n.jpg
499716375_721968506897187_3636504648658202341_n.jpg
499728789_721968513563853_2816891341368245007_n.jpg
499777320_721968483563856_5337769779527675550_n.jpg
499945221_721968650230506_7862479757994928102_n.jpg
500450362_721969790230392_9145870792435719151_n.jpg
500464550_721969803563724_4058583253585019089_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 23.05.25. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Эркин Чечебаев Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы диагностикалык бөлүмүнүн курулушу үчүн мезгил кутусун салды.

Ведомстводон билдиришкендей, сапардын алкагында министр борбордун жамааты менен жолугушуп, учурдагы маселелерди талкуулап, кызматкерлердин суроолоруна жооп берди. Ал саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү өлкө жетекчилигинин, атап айтканда президент Садыр Жапаровдун артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи. "Ушул колдоонун аркасында Кыргызстанда ай сайын жаңы медициналык объектилер ачылууда. Мисалы, 22-май күнү Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында заманбап оорукананын ачылышы болду", — деди министр.

Эркин Чечебаевдин айтымында, тармактагы негизги көйгөйлөрдүн бири — медицина кызматкерлеринин айлык маянасынын бирдей эмес болушу. Ал учурда медициналык кызматкерлердин, анын ичинде башкаруу, кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдын эмгек акысын көтөрүү боюнча иштер жүрүп жатканын маалымдады. Бул иштер 2025-жылдын ичинде жүргүзүлөт.

Мындан сырткары, министр жыл башында өрттөн жабыркаган борбордун административдик имаратын көрүп чыкты. Анын ордуна жаңы имарат куруу пландалууда. Ошондой эле Эркин Чечебаев кабыл алуу жана диагностикалык бөлүмдөрдүн курулушунун пайдубалына мезгил кутусун салып, бул иштерди 2025-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалып жатканын билдирди. Мындан сырткары, хирургия бөлүмүн да кыдырып, анын абалы жана кызматкерлердин иш шарты менен таанышты.

Эркин Чечебаев борбордун жетекчилигинин жана жамаатынын өз иш багытындагы аракеттерин жогору баалады.

Сапардын жыйынтыгында министр борбордо айтылган маселелерди терең иликтөөнү тапшырды.