Бишкек, 19.10.25. /Кабар/. Ош шаарындагы Маматисакова көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 8 күжүрмөн эсеп тилсиз жоону өчүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда ӨКМден 8 бөлүм, 2 автошаты, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ, Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана штаб тартылган.
Мындан сырткары, жеринде кошумча ИИМден, тез жардам кызматынан жана райондук электр тармактарынан кызматкерлер да иштеп жатат.