Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Эмаком" курулуш компаниясы салган көп кабаттуу үйдүн тургундары менен жолугуп, алардын көйгөйлөрү менен жеринен таанышты.
Мэриядан билдиришкендей, тургундар үйдүн айланасын иретке келтирүү, балдар аянтчасын куруу, жылуулук берүү жана техникалык паспорт алуу маселелерин көтөрүштү.
Шаар башчысы тиешелүү жетекчилерге көйгөйлөрдү кыска мөөнөттө чечүү боюнча тапшырма берип, алардын аткарылышын жеке көзөмөлүнө аларын билдирди.
Ошондой эле жооптуу кызматкерлерден иштерди создуктурбай бүткөрүп, жыйынтыгы тууралуу маалымат берүүнү талап кылды.