Ошто көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, жашоочулар эвакуацияланды

Кырсык 22 август 2025 12:12
Ошто көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, жашоочулар эвакуацияланды

Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын Салиева көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 5-кабатынан өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрт өчүрүү иштерине жалпы 2 бөлүм жана авто шаты тартылган.

Мындан тышкары, Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана штаб тартылды.

Өрт саат 10:46да чектөөгө алынды, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Турак үйдүн жашоочулары куткаруучулар тарабынан эвакуацияланды.