Ошто кооптуу каналдардын жээктери тосулат

Аймак Загрузка... 13 Апрель 2026 10:40
670856673_1426290092880174_912716429243166294_n (1).jpg
copyright icon Ош мэриясы

Бишкек, 13.04.26. /Кабар/. Ошто кооптуу каналдар иретке келтирилип, жээктери бекемделет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэр Жанарбек Акаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков, тиешелүү жетекчилер менен биргеликте шаар аймагындагы каналдардын абалын жеринен көрүп чыкты.

Анда каналдардын жээктерин бекемдөө, сел коркунучтарын азайтуу жана айланасын көрктөндүрүү маселелери каралды.

Ошондой эле шаарды аралап өткөн каналдардын кооптуу жана ачык бөлүктөрүн иретке келтирүү үчүн жээктери бекемделип, тосулары белгиленди.