Ош облусунда Талдык каналы жаңыланат

Аймак 1194 10 Апрель 2026 11:25
NazarNews_6481215629408036672242302295064274062.jpg
WhatsApp Image 2026-04-09 at 16.42.29.jpeg
Алдыга
Артка
NazarNews_6481215629408036672242302295064274062.jpg
WhatsApp Image 2026-04-09 at 16.42.29.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Ош облусунда Талдык каналы жаңыланат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Талдык каналы 1971-жылы пайдаланууга берилген. 22 чакырымга созулган канал аркылуу жалпы 1250 гектар жерди суу менен камсыз кылуу каралган.

Бирок каналдын бир топ бөлүгү жараксыз абалга келгендиктен, учурда канал аркылуу Топ-Терек айылына гана сугат суу барат. Ал эми Өжөр жана Кызыл-Тал айылдарына суу жеткирүү мүмкүн болбой жатат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында бүгүнкү күндө капиталдык оңдоп-түзөө иштерине муктаж болуп турган Талдык каналынын абалы менен таанышты.

Белгиленгендей, учурда Талдык башкы суу курулмасын жана каналын реконструкциялоо максатында сметалык-долбоорлоо иш кагаздары даярдалууда.