Ошто үй-жайсыз адамдарга жардам көрсөтүү максатында рейд өтүүдө

Аймак 23 Июль 2026 18:15
754725140_1379.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
753429182_1379.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
753188072_1379.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
752268114_1379.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Ош шаарында үй-жайы жок адамдарга жардам көрсөтүүгө, коомдук коопсуздукту камсыз кылууга жана тартипти сактоого багытталган эки күндүк "Селсаяк" аталышындагы алдын алуу рейди башталды.

Мэриянын маалыматына караганда, рейддин биринчи күнүндө туруктуу жашаган жери жок жарандар аныкталып, аларга керектүү медициналык, социалдык жана башка жардамдар көрсөтүлдү. Түнөк жайга муктаж болгондор муниципалдык түнкү баш калкалоочу жайга убактылуу жайгаштырылды.

Мындан тышкары, рейддин катышуучулары үй-жайсыз адамдар болушу мүмкүн болгон кароосуз калган имараттарды, жер төлөлөрдү жана башка жайларды текшеришти. Алдын алуу иш-чаралары тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу жана туруктуу жашаган жери жок адамдардын топтолушуна жол бербөө максатында өткөрүлдү.

Белгиленгендей, рейддин негизги максаты — коомдук тартипти сактоо менен гана чектелбестен, турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдарга өз убагында жардам көрсөтүп, аларды социалдык колдоо кызматтарына багыттоо.