Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Ош шаарындагы мурдагы борбордук базардын ордуна жаңы маданий-туристтик жана эс алуу комплекси курулат. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.
Бүгүн мэр Жанарбек Акаев менен жердин менчик ээлеринин ортосунда долбоорду ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюлду.
Долбоордо Оштун тарыхын жана маданиятын чагылдырган этно-борбор, эс алуу жайлары жана соода түйүндөрүн түзүү каралган.
Комплекс менчик ээлеринин ири инвестицияларынын эсебинен курулат. Ошондой эле жер ээлерине компенсация төлөө маселеси долбоордун алкагында каралат.
Курулуш иштерин 1-сентябрдан тарта баштоо пландалууда.