Ошто Эне-Сай конушу курулууда: 500 үй-бүлөгө жаңы турак жай берилет

Аймак 22 Август 2026 12:19
IMG_6172.jpeg

Бишкек, 22.08.26 /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жаңы Эне-Сай конушуна барып, турак үйлөрдүн курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган аймакта азыркы тапта 50 турак жай курулуп жатат. Жеринде 100гө жакын жумушчу эмгектенүүдө.

Карап чыгуунун жүрүшүндө шаар башчысы жумушчу күчүн көбөйтүү, үйлөрдүн санын арттыруу жана курулуш темпин жогорулатуу тапшырмасын берди. Сентябрь айынын аягына чейин 50 турак жай пайдаланууга берилмекчи. Ал эми жыл аягына чейин 500гө жакын үйдү бүткөрүү пландалууда.

Жаңы турак үйлөргө биринчи кезекте Ош көчөсүндөгү жана шаардын башка аймактарындагы турак жайлары буздурулган жарандар көчүрүлөт.