Ошто эмдөөнү күчөтүү жана оорулардын алдын алуу маселелери талкууланды

Ден соолук 23 Июль 2026 09:55
752668019_122218938602368081_6396665558514599440_n.jpg
749389798_122218938260368081_6909730990262500097_n.jpg
752347458_122218938758368081_7593972930100339792_n.jpg
753150787_122218938560368081_1914846745255516701_n.jpg
753192664_122218938614368081_5592021784473339979_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Ош облусунда "Кыргызстандын коомдук саламаттыгы: жетишкендиктер, инновациялар жана келечеги" аталышындагы тегерек стол өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чара өкүлчүлүктүн аппараты менен Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан уюштурулуп, анда 2030-жылга чейин саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Жыйында коомдук саламаттыкты чыңдоо, эмдөөнү күчөтүү, оорулардын алдын алуу, ошондой эле "40 долбоор, 40 кадам, 40 чечим" демилгесинин алкагындагы иш-чаралар боюнча сунуштар айтылып, жыйындын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.