Ошто экстремисттик топтун башчысы кармалды

Укук тартиби Загрузка... 27 Февраль 2025 15:47
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Ошто Өзбекстандын укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн экстремисттик топтун башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө жана техникалык иш-чаранын алкагында, Ош шаарынын аймагында Фергана өрөөнүндөгү жашыруун экстремисттик топтун башчысы М.М.Х. кармалды. Ал 2022-жылдан бери Өзбекстандын укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн.

Кармалгандын жакын кылмыштуу байланыштарын аныктоо учурунда Кара-Суу шаарынын тургуну 1998-жылы туулган И.Б.Б. такталган. Анын алкагында, чогултулган далилдердин негизинде УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, тинтүү иш-чарасы өткөрүлгөн.

Жыйынтыгында “Хизбут Тахрир” диний-экстремисттик уюмуна тиешеси бар баракчалар, китептер, телефондор жана планшеттер табылып алынган.

2025-жылдын 14-февраль күнү Кара-Суу шаардык соту тарабынан И.Б.Б. 4 жылга эркинен ажыратылган.

Азыркы учурда И.Б.Б.нын кылмыштуу байланыштарын аныктоо максатында, ыкчам-издөө иштери жүрүп жатат.